Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Беларуста көзү өткөн адамга да кылмыш ишин козгоого уруксат берилиши мүмкүн


Беларус.
Беларус.

Беларустун парламентинин төмөнкү палатасы каза болгон адамдарга кылмыш ишин козгоп, аларды сот жообуна тартууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

Сотто көзү өткөн кишинин кызыкчылыгын алардын жакындары коргой алат. Эгерде алар соттук жараянга катышуудан баш тартса, каза тапкан айыпталуучуну мамлекет дайындаган адвокат коргойт.

“Зеркало” басылмасынын маалыматына караганда, эми өлгөн адамдарга каршы эскирүү мөөнөтү жок кылмыштар боюнча иш козголушу мүмкүн. Ага согушту даярдоо, согуш мыйзамдарын бузуу, терроризм, геноцид кирет.

БЕЛТА мамлекеттик жаңылыктар агенттиги билдиргендей, мыйзам долбоорун Беларустун Башкы прокуратурасы даярдаган. Мекеме 2021-жылдан бери “Экинчи дүйнөлүк согушта жана согуштан кийинки мезгилде беларус элинин геноцидинин жагдайларын” иликтеп жатат. Башкы прокуратура буга тиешеси бар адамдарды аныктап, аларды жоопко тарта турганы айтылды. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG