Жаркент – Казакстандын чыгышындагы Кытай менен чек арага жакын жайгашкан чакан шаар. Мындан улам бул калаа Кытайга жол ачкан “чыгыш дарбазасы” деп аталат. Ал эми андагы Хоргос базары соода терезеси. Бажы алымдары жокко чыгарылган бул аймакта жашоо кайнап турат.