Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Өзбекстанда кыйноого айыпталган мурдагы милиционерлер соттолду


Өзбекстандын Анжиян облусунда тергөө маалында шектүүгө кыйноо колдонгон деп айыпталган мурдагы күч кызматкерлери соттолду.

Облустук сот жергиликтүү ички иштер башкармалыгында мурда иштеген алты кишини төрт жылга, дагы алтоону үч жылга кести. Алар 2022-жылы кылмышка шектүү 32 жаштагы Санжарбек Мамажановду кыйнап, анын өлүмүнө себепкер болгону айтылат.

Мындан тышкары Мамажоновду камерада сабаган камактагы Жасурбек Усманов атуу жаранга төрт жыл бир айга камак жазасы берилди.

Соттун маалыматына караганда, тергөө абагынын кызматкерлери былтыр мартта шектүү Санжарбек Мамажоновду кыйноого алып, катуу сабаган. Андан кийин ага медициналык жардам көрсөтпөстөн, камерага киргизишкен. Ал жерден шектүү кайра сабалып, үч жарым сааттан кийин каза болуп калган.

Экспертиза маалында маркумдун денесинде жана башында көптөгөн жаркаттар аныкталган.

Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Өзбекстан Кыйноого каршы конвенциянын катышуучусу болуп эсептелет. Бирок укук коргоо уюмдары өз баяндамаларында аймактагы өлкөлөрдө документтин уставы аткарылбай турганын белгилеп келишет, камактагы адамдар катаал мамиледен жана кемсинтүүнүн башка түрлөрүнөн корголгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG