Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

“Элкарт” улуттук төлөм картасы келерки жылы Орусияда ишке киргизилиши мүмкүн


"Элкарт" төлөм системасы.
"Элкарт" төлөм системасы.

Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм картасы Орусияда келерки жылдан тарта ишке киргизилиши мүмкүн.

Бул тууралуу Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышып жаткан Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев орусиялык ТАСС агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берген учурда билдирген.

Аталган агенттик 14-июнда жазгандай, Амангелдиев “тараптар бул маселенин үстүнөн тыгыз иштешип жатканын” айткан.

Экономика жана коммерция министрлиги бул боюнча маалымат бере элек.

Улуттук “Элкарт” төлөм картасы Кыргызстанда эң көп колдонулган карталардын бири.

Былтыркы расмий маалыматта 4,3 миллиондон ашкан банк карталарынын 60% “Элкарт”, 40% Visa экени белгилүү болгон.

Былтыр Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы санкция салынгандан кийин бир катар кыргызстандык банктар орусиялык “Мир” картасын тейлөөнү токтотконун жарыялаган.

Алардын айрымдары мындай чечим "техникалык себептерге" байланыштуу чыкканын айтса, "Кыргызстан" банкы санкцияга карата токтотулганын билдирген. "Мир" картасын тейлөө Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жана Түркияда да токтотулганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG