Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Баткен: Чек ара окуясында жарактан чыккан үйлөрдүн сегизи бүтө элек


Баткендин Достук айылындагы жаңы курулган үй.
Баткендин Достук айылындагы жаңы курулган үй.

2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда үй-жайынан ажыраган сегиз үй-бүлөнүн тамы даяр боло элек. Достук айылында бир үй, жетөө Ак-Сай, Капчыгай айылдарында. Бул үйлөр ушул ай ичинде бүткөрүлүп, тапшырыларын 13-июнда "Азаттыкка" Баткен облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын башчысы Дүйшө Жалилов билдирди.

Өкмөт убада кылган 417 үйдүн 409унун курулушу аяктаган.

Жалилов учурда чек ара чырында жабыркаган айылдарда социалдык мекемелерди куруу иштери уланып жатканын, таза суу өткөрүү, жол куруу, медицина жана билим берүү мекемелерин ачуу сентябрь айына чейин аяктарын айтты.

Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара чырында Баткендин бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Бийлик Баткенде жаңы 417 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги бул иштер февралдын аягына, жазга калганын билдирген.

Май айында курулуш материалдарын саткан ишкерлер Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага материал алып, төлөбөй качып кеткенин айтып чыгышкан. Алар аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берүү талабы менен нааразылык акциясына чыгышкан.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү ишкерлердин арызы укук тартибин коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кабарлаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG