Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Киев: Украинанын НАТОго кошулуу ниетин 20 мамлекет колдоду


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Киев, 20-апрель, 2023-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Киев, 20-апрель, 2023-жыл

Украинанын НАТОго кирүү аракетин расмий 20 мамлекет колдогонун Украинанын президентинин кеңсе жетекчисинин орун басары Игорь Жовква билдирди. Ал ишемби күнү Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Киевге келгенде кол коюлган канада-украин декларациясында Оттава «буга шарт жол берсе эле» колдой турганын расмий билдиргенин айтты.

Буга чейин Украина Түндүк Атлантика биримдигинин 19 мамлекети менен биргелешкен декларацияга кол койгон. Бардык декларацияларда колдоо ниети айтылганы менен алар ар кандай чечмеленет. Италия, Германия жана Франциянын документтеринде Украина НАТОго келечекте гана кирери айтылат. Польша жана Балтия мамлекеттери пикирлерин тагыраак билдирип, Украинаны биримдикке тезирээк кошууга чакырып келишет. НАТОнун курамында азыр 31 мамлекет бар.

Вильнюста июль айында өтө турган НАТОнун саммитинде Украинанын биримдикке кошулуу шарты талкууланары күтүлүүдө. Украин бийлиги Орусия менен согушуп жаткан маалда НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгү арсар экенин моюнга алып, согуш аяктаган соң ага кирүү кепилдигине ээ болгусу келет.

Украинанын коргоо министринин орун басары Владимир Гаврилов саммитте өлкөнү НАТОго кабыл алуу алгоритми түзүлөрүнө ишеним артарын билдирди. НАТОнун расмий өкүлдөрү азырынча бул боюнча пикирин билдире элек.

Украин президенти Владимир Зеленский буга чейин Украина үчүн саммиттин жыйынтыгында НАТОго кирүү боюнча конкреттүү белги болбосо, анда ага катышуунун мааниси жок экенин белгилеген.

Украинанын НАТОго кошулуу ниетине Орусия кескин каршы болуп, Киевдин аракетин коркунуч катары эсептеп, бул нерсе Украинага басып кирүүгө себеп болгонун билдирген. НАТО болсо Орусиянын Түндүк Атлантика биримдигине киргендерге вето коюу укугу жок экенин белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG