Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Казакстанда митинг уюштурууну пландаган активисттер кармалды


Казакстан. Иллюстративдик сүрөт
Казакстан. Иллюстративдик сүрөт

Казакстандын аймактарында полиция Астанадагы эл аралык форум өтүп жатканда митинг уюштурууну пландаган активисттерди кармай баштаганын "Азаттыктын" казак редакциясы жазды.

Маалыматка караганда, Алматыда полиция "Алга Казакстан" кыймылынын активисттери Асет Абишев менен Бибигүл Иманалиеваны үйүнөн чыгып бараткан жеринен кармады. Аларды кармоо учуру тартылган видео активисттердин Фейсбуктагы баракчаларына жарыяланды.

Абишевдин түз эфири анын Фейсбук баракчасында сакталып калган.

"Бүгүн Марат Жыланбаевди колдоо, "саясий туткундарды" бошотуу жана "Алга Казакстанды" каттоо талабы менен тынч митинг өтмөк. Жарандык кийимчен полиция кызматкерлери көчөдө күтүп турушат", - деп айткан Абишев.

Бибигүл Иманалиева да үйүнөн чыгып бараткан жеринен кармалган. Активистке эки милиционер жакындап келип, документтерин көрсөтпөстөн жана өздөрүн тааныштырбастан аны номуру жок унаага салып кетишкен.

Акмоло облусунда активист Амангелди Жахин да анын үйүнүн жанында полиция турганын билдирди.

Буга чейин “Активисттер-Экстремисттер эмес” деген мониторинг тобу “Алга Казакстан” кыймылынын тарапкерлери Алматы, Астана жана Петропавловск шаарларында тынч митингдерин өткөрүү боюнча алты арыз жөнөтүшкөнүн, бирок бийлик аларды четке какканын билдирген.

Митингдер 8-9-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда Астанада өтүп жаткан эл аралык форум күндөрү өтөт деп күтүлгөн.

Иш чарага Кыргызстан президенти Садыр Жапаров катышып, 8-июнда сөз сүйлөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG