Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

"ОВД-Инфо": Орусияда Навальныйды колдогон акцияларда 90 киши кармалды


Cанкт-Петербургдагы Алексей Навальныйды колдогон акция, 4-июнь, 2023-жыл.
Cанкт-Петербургдагы Алексей Навальныйды колдогон акция, 4-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын ар кайсы шаарларында түрмөдөгү оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 90 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. Кармалгандарды көбү Москвадан жана Петербургдан экени маалым болду.

Укук коргоочулар «үйлөнгөн шарлар, асфальттагы жазуу сыяктуу күлкү келтирген нерселер кармоолорго жүйө болгонун» белгилешти. Иш жүзүндө кармалгандар андан көп болушу мүмкүн.

Барнаулда шар үйлөп, көтөрүп алган Ольга Меркулова кармалса, Красноярскиде Артур Садыков асфальтка бор менен жазганы үчүн полициянын колуна түштү. Москвада Сергей Суровцев күрмөсүнө «ШИЗО» деп жазып алганы үчүн кармалды.

4-июнда түрмөдө 47 жашка чыккан Навальныйга колдоо иретинде анын тарапташтары дүйнөнүн ондогон шаарында акциялар өтөрүн жарыялаган.

Анын алдында айрым политологдор жана коомдук ишмерлер, оппозиционердин тарапташтары Орусияда жашагандар көчөгө чыкса кармалып, кылмыш иши менен аяктары ыктымал экенин эскерткен.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат. Туулган күнүн оппозиционер түрмөнүн айып изоляторунда (ШИЗО) тосту. Ал ШИЗОго 16-жолу камалганы маалым.

Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат" түптөгөн деп айыптап жатат. Өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары оппозиционер Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремл муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG