Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:31

Күрөш: Эл аралык мелдеште Жуманазарова менен Назарбаев коло медал утту

Мээрим Жуманазарова Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште. 2-июнь, 2023-ж. Бишкек. “Бишкек Арена” спорт комплекси.
Мээрим Жуманазарова Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште. 2-июнь, 2023-ж. Бишкек. “Бишкек Арена” спорт комплекси.

Бишкекте өтүп жаткан Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандыктар Мээрим Жуманазарова менен Бексултан Назарбаев коло медал утушту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова 3-орун үчүн беттеште канадалык Оливия Граце Ди Баккону (2:1) жеңип алды. Спортчу беттештерин 1/4 финалдан баштаган.

Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 1:1 эсебинде жеңген. Жарым финалда монголиялык Делгерма Енхсайханга жеңилген эле (1:2). Мээрим Жуманазарова 24 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси. Бир канча эл аралык мелдештердин байге ээси.

Грек-рим күрөшүнөн 82 килограмм салмакта Бексултан Назарбаев 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Нурбек Хашимбековду 5:4 эсебинде жеңди. Назарбаев беттештерин чейрек финалдан баштап, ал таймашта дагы бир өзбекстандык Мухаммадкодир Расуловду уткан (5:1). Жарым финалда түркиялык Алперен Берберге жеңилген.

Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеште грек-рим күрөшүнөн 82 килограмм салмакта медал ээлери. Бексултан Назарбаев оңдон солго карай экинчи. Бишкек, 2-июнь, 2023-ж.

1-июнда башталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеш 4-июнга чейин уланат. Алдыда эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар бар. Буга чейин мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг) менен Дастан Кадыров (63 кг) коло медалга ээ болушкан.

“Бишкек Арена” спорт комплексинде өтүп жаткан турнирге 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Алардын катарында олимпиаданын жети чемпиону, дүйнөнүн 17 чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, континент аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү бар. (ECh/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG