Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөргө кол салуу болду


Пакистандын Пешавар аймагында шал оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат. 22-май, 2023-жыл.
Пакистандын Пешавар аймагында шал оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат. 22-май, 2023-жыл.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлерине кол салуу болуп, аларды коштоп жүргөн бир аскер мерт кетип, дагы бири жаракат алды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна алган жок. Бир нече күн мурда өкмөт шал оорусун ооздуктоо боюнча соңку өнөктүгүн баштаган. Жергиликтүү полиция билдиргендей, медиктер жабыркаган эмес.

Пакистан менен Ооганстан полиомиелит оорусу жоюла элек өлкөлөр болуп саналат. Ислам жоочулары вируска каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди өлтүрүп кеткен учурлар катталган. Экстремисттер эмдөө жергиликтүү балдарды тукумсуз кылууну көздөгөн Батыштын планы деп айтышат.

Балдардын шал оорусу, же полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.

2002-жылдан бери Кыргызстан "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ. Ага карабай өлкөдө вирус катталган учурлар бар жана эмдөө жүрүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG