Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Окумуштуулар жасалма интеллект адамзаттын жоголушуна алып келерин эскертишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар технологиялык компаниялардын, анын ичинде OpenAI жана Google DeepMind ишканаларынын жетекчилери, окумуштуулар жасалма интеллект адамзаттын жоголушуна алып келерин эскертишти.

"Жасалма интеллекттин айынан жоголууга жеткирген тобокелдикти азайтууга пандемия жана өзөктүк согуш сыяктуу эле глобалдык деңгээлде артыкчылык берилиши керек", - деп жазылган окумуштуулардын кайрылуусунда.

Кайрылууга жасалма интеллект тармагында иш алып барган 350дөй изилдөөчү, инженер жана компаниялардын жетекчилери кол коюшкан. Арасында ChatGPT программасын ойлоп тапкан OpenAI компаниясынын директору Сэм Альтман жана жасалма интеллекттин "атасы" катары эсептелген окумуштуу Жеффри Хинтон дагы бар.

Бул илимпоздордун биринчи эскертүүсү эмес. Мындан мурда 1000дей окумуштуу жана технолог, алардын катарында Илон Маск да кол койгон билдирүү тараган. Анда коркунучутардан улам илимпоздор жасалма интеллектти өнүктүрүүнү алты айга токтото турууга чакырышкан.

Алар тизмектеген болжолдуу коркунучтардын арасында жумуш орундарынын кыскарышы, жалган маалыматтын жайылышы да бар.

Chat GPT - Чат-бот же адам менен диалог түзө алган компьютердик программа акыркы бир нече айдын ичинде интернетте төңкөрүш жасады. Жасалма интеллектке негизделген чат-боттор маалымат издейт жана суроолорго жооп берет. Тапшырмага ылайык эссе, ыр жазып, программалык код түзө алат. Андан тышкары, бизнестин бет ачар долбоорлорун жана жарнамалык тексттерди даярдайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG