Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

"Анык эмес маалыматтан коргоо" тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр колдоо таппады


Кыргызстанда "Жалган маалыматтан коргоо тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Кыргызстанда "Жалган маалыматтан коргоо тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Жогорку Кеңеш 31-майдагы сессиясында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун колдогон жок.

Мыйзам долбоордун демилгечиси, депутат Дастан Бекешев жыйында сөз болгон мыйзам коомчулукта бир топ талаш-тартыштарды жаратканын, ал өзгөртүлүшү керектигин билдирди.

Айрым депутаттар адамдын ар-намысы корголушу керек деген жүйө менен Бекешев сунуштаган мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Депутат Адахан Мадумаров азыркы мыйзам бийликке сын-пикир жазгандарга гана иштеп жатат деген негизде, ага өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоого чакырды. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен мыйзам колдоо тапкан жок.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыш, каршылыктарга карабай 2021-жылдын август айында кабыл алынган. Аны аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал порталдан алынышы керек болот. Талап аткарылбаса, сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт.

Дастан Бекешев кирген депутаттар тобу аны өзгөртүү сунушу камтылган мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Анда жалган маалыматты алып салуу жөнүндөгү арызды кароо мөөнөтүн 24 сааттан үч күнгө чейин узартууну, доомат коюлуп жаткан ЖМКга да укук берүүнү, арызды кароодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине медиа каражатынын өкүлдөрүн да чакыруу керектиги жазылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзамдын негизинде былтырда ResPublica гезитинин сайтын эки айга жапкан. Ушул эле жылдын август айында 24.kg сайтын убактылуу жаап, чечимди кайра жокко чыгарган. 24.kg эч кандай төгүндөө бербегенин жана сайтка чыккан маалымат өчүрүлбөгөнүн билдирген.

Министрлик бул документти негиз кылып “Азаттыктын” сайтын былтыр 26-октябрда бөгөттөгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG