Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Токмок: жол кырсыгынан сегиз киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмоктогу айланма жолдо болгон кырсыкта сегиз кишинин өмүрү кыйылды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

"Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаа Нарындан Бишкекке жүргүнчү алып келе жатканда кырсыкка кабылган. Буга анын каршылаш жолго чыгып кетип, автоманипулятор менен кагышканы себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Айрым маалымат булактары каза тапкандар арасында эки бала бар экенин жазышты.

Кыргызстанда соңку айларда бир канча жол кырсыгы катталды.

22-майда Бишкектин Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган кичи автобус менен жеңил автоунаа кагышып, төрт киши жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыгынан кийин ооруканага беш киши, эки бала жана үч киши кайрылганын "Азаттыкка" билдирген.

20-апрелде Бишкек шаарынан “Манас” аэропортуна бараткан жолдо болгон жол кырсыгында окуучулар түшкөн автобус башка автоунаа менен сүзүшүп, 20дан ашык бала жараат алган.

Ага чейин, 14-апрелде Токтогул районунда Кубат Чокоев атындагы орто мектептин мугалимдери түшкөн машина кырсыкка учурап, 44 жаштагы аял каза тапкан.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 млн. 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG