Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Жалал-Абадда каза болгон журналисттерди эскерүү иш-чарасы өтүүдө


Жалал-Абад
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунда журналисттер көзү өтүп кеткен кесиптештерин эскерүү иш-чарасын өткөрүп жатышат.

Анда жергиликтүү белгилүү журналисттер Алымбек Азимканов, Аким Акжолов, Орозалы Карасартов, Ырысбек Зулумбеков жана Садыралы Абдукеримов баштаган маркум журналисттердин сүрөттөрү менен өмүр баяны камтылган баннерлер илинди.

Эскерүүгө президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары, Жалал-Абад шаарынын мэри жана медиа чөйрөсүндө жүргөндөр катышты. Иш-чара спорттук мелдеш менен уланып, футбол, волейбол жана стол тенниси болот.

Кыргызстанда көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү иш-чаралары маал-маалы менен өтүп келет. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG