Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Косовонун түндүгүндө жергиликтүү сербдер менен полиция кагылышты


Жарым-жартылай таанылган Косово Республикасынын түндүгүндө жума күнү полиция менен этникалык сербдер кагылышты. Серб тектүү тургундар жаңы шайланган аткаминерлерди муниципалдык имараттарга киргизбөөгө аракет кылып жатканда кагылышуу болду.

Associated Press агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына таянуу менен билдиргендей, тополоң учурунда бир нече автоунаа өрттөлгөн. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Сербиянын президенти Александр Вучич мамлекеттик RTS телеканалында армияны "жогорку даярдыкка" келтиргенин айтты. Вучич ошондой эле серб аскерлерин Косово Республикасы менен чек арага тез арада жөнөтүүгө буйрук бергенин кошумчалады.

Косово бийлиги окуянын курчушуна Сербиядагы түзүмдөрдү күнөөлөдү.

Косовонун түндүгүндөгү кырдаал былтыр декабрдын башында "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин курчуп кеткен. Косово өкмөтү бул чыңалууну басаңдатуу үчүн Пантичти бошоткон.

Мурдараак 600дөй серб өкүлү бийлик органдарынан кетип калган. Муну менен алар Косово өкмөтүнүн Сербиянын жаңы автоунаа номурларын тааныбоо чечимине нааразылык көрсөтүшкөн.

Сербдердин өкүлдөрү кызматтан кеткенден кийин 23-апрелде Косовонун түндүгүндө жергиликтүү шайлоо өткөн. Бул шайлоого жергиликтүү серб калкы бойкот жасап, 3,47% гана катышкан.

2008-жылы Косово Республикасы бир тараптуу түрдө Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Аны Евробиримдиктин көптөгөн мамлекеттери жана АКШ, ошондой эле БУУга мүчө өлкөлөрдүн көбү тааныган. Ондогон мамлекеттер анын ичинде Орусия, Украина, Кытай, Индия тааныган эмес. 2013-жылдан бери Белград менен Приштина мамилени Евробиримдиктин ортомчулугу менен жөнгө салуу аракетин көрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG