Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Пригожин Украинада "Вагнер" 20 миңдей жоочусун жоготконун билдирди


Евгений Пригожин
Евгений Пригожин

Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болду. Алардын жарымы абактан согушка баргандар. Каза болгон "вагнерчилер" тууралуу уюмдун негиздөөчүсү Евгений Пригожин медиа- технолог Константин Долгов менен маегинде билдирди.

Ал Бахмуттагы салгылашка 50 миң кишини жалдаганын, аскердик ротада 35 миң жоочу болгонун айтты.

Пригожин ошондой эле 2022-жылдын февралында Кремлдин "Украинаны демилитаризациялоо максаты терс натыйжа бергенин" кошумчалап, украин армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын бирине айланганын белгиледи.

BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 21 миң 700 жоокердин тек-жайын апрелдин аягында тактаган. Чогултулган маалыматтар акыркы айларда өлгөндөрдүн көбү Бахмуттагы салгылашууларга катышып жаткан “Вагнер” жалданма уюмунун жоочулары экенин көрсөтүп турат.

Журналисттер согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын чыныгы жоготууларын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.

  • Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон.
  • "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза тапканын тактаган.
  • Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганы маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG