Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Пакистандагы чет элдик мунай компаниясында төрт киши өлтүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын түндүк-батышындагы газ жана мунай өндүргөн ишканага ондогон куралдуу адамдар кол салып, төрт полиция кызматкери жана эки күзөтчү мерт кетти. Бул тууралуу 23-майда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти.

Ооганстан менен чектеш аймакта жайгашкан MOL компаниясынын заводун Венгрия иштетет. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна алган жок.

Жергиликтүүлөр чабуулду пакистандык талибдердин "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобунан көрүп жатышат. Аймактын полиция башчысы билдиргендей, кол салгандар заводдун жумушчуларын уурдап кетүүгө аракет кылышкан.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине жана АКШнын таасирине каршы күрөшөрүн, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орноторун айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы турууда кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG