Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

УКМК жашыруун иштеген кумаркана жабылганын билдирди


Жашыруун иштеген кумаркана. Сүрөт УКМКдан алынды.
Жашыруун иштеген кумаркана. Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК)кумаркананы тийиштүү документтери жок, мыйзамсыз иштетип жүргөндөр аныкталганын кабарлады. Маалыматка караганда, мекеме криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзгөн. Тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акча каражаттары табылганы айтылды.

"Мындан тышкары, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө деп билдирди УКМК.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өткөн жылы чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Өкмөттүн кумарканаларды иштетүү тартиби тууралуу токтомуна ылайык, лицензиялардын баасы аймактарга жараша бычылган жана 10,5 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп эсептелген.

Республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолорду ачуу үчүн 84 миллион сом, ал эми Ош, Чүй жана Жалал-Абад облусу үчүн 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына 25 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Оюн-зоок автоматтар залдары үчүн 42 миллион сом, букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом деген сунуш берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG