Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Владимир Зеленский Жапонияда Нарендра Моди менен жолугушту


Украинанын президенти Владимир Зеленский (оңдо) жана Индиянын премьер-министри Норендра Моди. Хиросима, Жапония. 20-май, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский (оңдо) жана Индиянын премьер-министри Норендра Моди. Хиросима, Жапония. 20-май, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Жапониянын Хиросима шаарында өтүп жаткан "Чоң жетинин" (G7)саммити учурунда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тараптардын Орусия Украинага кол салгандан берки алгачкы жолугушуусу.

Украин президенти Индия өкмөтүнө гуманитардык жардамы жана Украинанын бүтүндүгүн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдиргенин соцтармактарга жазды.

Батыш өлкөлөрү Индияны санкцияларга карабай, Орусиядан энергоресурстарды алып жатканын сындап келет.

Владимир Зеленский саммит алкагында ошондой эле башка лидерлер менен да жолугушту. Ал Британиянын премьер-министри Риши Сунак, Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелони, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишел менен жолугушту. АКШ президенти Жо Байден менен жекшембиде жолугушмакчы. Бул маалыматты Ак үй ырастады.

Британ премьер-министри менен жолугушууда Зеленскийдин Лондонго барган кезинде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Мелони Украинага саясий колдоосун билдирип, украин учкучтарын Италияда окутууну сунуштаганын Зеленскийдин кеңсеси маалымдады.

Франциянын президенти украин мамлекет башчысынын "Чоң жетинин" жыйынына катышуусу "тарыхый учур" болушу ыктымалдыгын билдиргенин AFP агенттиги жазды. Владимир Зеленский Жапонияга Франциянын өкмөттүк учагы менен барды. Макрон Твиттердеги баракчасына "Украинанын жеңиши үчүн, Европага тынчтыкты кайтаруу үчүн", - деп жазды.

Зеленский Францияга Киевге көп кырдуу жардамы үчүн ыраазычылык билдиргенин жана Макрон менен өзүнүн араб өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу планы тууралуу талкуулаганын соцтармакка жазды.

Немис канцлерине Украина Германиядан алып жаткан чоң жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жапонияда өтүп жаткан G7 жыйынынын катышуучулары Орусиянын Украинага баскынчылыгын айыптаган билдирүү менен чыгышты. Алар Орусияны аскерлерин Украина аймагынан чыгарып кетүүгө чакырышты жана Киевге мындан ары да жардам берүүнү улантарын билдиришти.

Жума күнү кечинде Associated Press жана CNN өз булактарына шилтеме кылып, АКШ президенти Украинанын учкучтарын американын F-16 учактарында машыгуусуна уруксат бергенин жазышты. Маалыматка ылайык, машыгуулар Европада өтөт. CNN ошондой эле Ак үй үчүнчү өлкөлөрдүн Украинага F-16 учагын берүүсүнө каршы эместигин да маалымдады. Байдендин аталган учактарды Киевге берүүдөн баш тартуу чечими Европадагы союздаштары гана эмес, АКШдагы Конгресс мүчөлөрүнүн да басымына туш болгон.

Киевдин санагында Орусияга туруштук берүү үчүн F-16 сыяктуу учактан кеминде 180 болушу керек. Учактардын саны, качан, ким аркылуу берилерин АКШ президенти учкучтарды машыктыруу башталган соң маалымдашы күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG