Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Украин армиясы Пригожиндин "Бахмутту алганы" тууралуу кабарын четке какты


Украинанын Бахмут калаасынын учурдагы көрүнүшү.
Украинанын Бахмут калаасынын учурдагы көрүнүшү.

Украинанын Коргоо министрлиги "Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожиндин "орусиялык күчтөр Бахмутту толук алды" деген маалыматын четке какты.

Өлкөнүн коргоо министринин орун басары Анна Маляр аскерлер Бахмуттагы Самолет районунда турганын "Азаттыктын" украин кызматына билдирди. Маляр калаадагы кырдаал оор экенин жашырган эмес.

"Бахмутта кармаш жүрүп жатат. Кырдаал курч. Биздин аскерлер Самолет районунда туруштук берүүдө", - деди Маляр. Анын маалыматында украин аскерлери Бахмуттагы өнөр жай жана инфраструктура жайгашкан аймакты, жеке секторду коргоп турат.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чыгыш тобунун спикери Сергей Череватыйдын айтымында, Бахмутта кармаш токтой элек.

20-майда "Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожинге байланыштуу ресурстар шаардагы талкаланган объекттерде илинип турган Орусиянын жана "Вагнер" тобунун желектерин көргөзүшкөн.

Пригожин алар аркылуу жарым жылдан бери айыгышкан кармаш жүрүп жаткан шаарды орусиялык күчтөр биринчи жолу толук алганын кабарлаган. Ал Бахмуттагы операция "тебеленген орус армиясын өзүнө келтирүү" үчүн башталганын жана аны жалаң жалданма аскерлер атайын бөлүктөрдүн жардамы жок эле жүргүзгөнүн айткан.

Пригожин орусиялык армиянын генералы Сергей Суровикинге "оор операцияны жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бергени" үчүн, орус президенти Владимир Путинге "өз мекенин коргоодогу бийик намысы" үчүн ыраазычылык билдирген.

"Биз украин армиясы менен эле эмес, бизге бут тоскон орус бюрократиясы менен да кармаштык", - деди Пригожин. Ал Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындап, аларды согушту жеке көңүл ачуусуна пайдаланганы үчүн айыптаган. Пригожин мындай дооматты буга чейин да айткан.

25-майда "Вагнер" Бахмуттан чыгып кетерин белгилеген Пригожин ал жетектеген топ кайра согушка катышарын же катышпасын тактаган жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттун алынганы тууралуу кабарды азырынча комментарийлей элек. Бирок аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов куттуктоосун жарыялады.

  • Бахмут - (орусиялык билдирүүлөрдө шаардын совет мезгилдеги Артёмовск деген аталышы көрсөтүлүп жүрөт) Донецк облусундагы район борбору. Батыш өлкөлөрүнүн эсебинде шаар үчүн кармашта эки тарап тең оор жоготууга учурады.
  • Акыркы айларда украин күчтөрүнүн Бахмуттун түштүк жана түндүк тарабында жүргүзгөн контрчабуулдары ийгиликтүү болуп, каршылашын ээлеген позициясынан сүрүп чыгарышкан.
  • Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отурган борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон. "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган. Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганы маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG