Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстанда лекция окуй турганын айтты


Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин. 2-август, 2021-жыл.
Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин. 2-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Бишкекке келди.

Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун "Азаттыкка" ырасташынча, алар өлкөгө 18-майда келген. Алар Таласта Майрам Акаеванын апасына куран окутушуп, Казакстандын Тараз шаарында кыргызстандык хирург Сейтхан Жошибаевдин бейтапканасы менен таанышып, кесиптештери менен жолугушкан.

"Эми алар агасына (Акаевдин - ред.) куран окутуу үчүн Кеминге кетишет. Негизи ал Политех менен (Исхак Разаков атындагы Кыргыз техникалык университети - ред.) Илимдер академиясында лекция окуйт. Датасы белгисиз. Кыргызстанда бир жумадан ашыгыраак убакыт болот", - деди Талгарбеков.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Акаев жубайы менен кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө пункту аркылуу өлкөгө келгенин өз булактарына таянып жазышкан. Чек ара кызматы муну ырастаган эмес жана мындай маалымат берилбей турганын айткан.

Талгарбеков мурдагы президенттин жубайы Майрам Акаева буга чейин эки жолу Кыргызстанга келип кеткенин билдирди.

Аскар Акаев 2021-жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындашып, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Аскер Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-жылдан 2005-жылга чейин башкарган. 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылган. Үй-бүлөсү менен Кыргызстандан кетип, Орусияда жашап жүргөн.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG