Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Акыйкатчыны шайлоо: Кубатова талапкерликтен баш тартты


Акыйкатчы кызматына талапкерлер.
Акыйкатчы кызматына талапкерлер.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди карай баштады. Омбудсмендикке үч талапкер сунушталган.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы бул кызматка Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековду, “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы прокуратура тармагында иштеген Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөн.м

“Ыйман Нуру” фракциясы буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде Күлира Кубатованы сунуштаган. Бирок Кубатова добуш берүү алдында талапкерликтен баш тартканын жарыялап, муну акыйкатчылыкка ат салышып жаткан дагы бир айым Жаманбаева менен чогуу иш алып баруу ниети менен байланыштырды.

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүп, добуш берүүгө даярдык көрүүдө.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.м

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG