Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Чүйдө террорчулукка шектүү адамды кармоо учурунда атышуу болду


Дмитриевка айылындагы милиция кызматкерлери.
Дмитриевка айылындагы милиция кызматкерлери.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы окуя боюнча “Азаттыкка” комментарий берип абал туруктуу экенин айтты. Ал Кыргызстанда ар кандай уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирип, укук коргоо органдары алар менен күрөшүп жатанын кошумчалады.

“Ички иштер министрлиги менен атайын кызмат өздөрүнүн ишин кылып атат. Жалпы өлкөдө абал тынч”, - деди Иманкулов.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорго шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүштү. Кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөн.

Ал арада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди.

Буга чейин милиция кызматкерлери Кант шаарынын чыгыш тарабынан Дмитриевка айылына кире турган автожолду жапканы кабарланган.

Бир катар сайттар укук коргоо кызматкерлери тоноого шек саналып издөөдө жүргөн адамдарды кармоо учурунда үйлөрдүн биринде атышуу болгонун жазышкан. Социалдык тармактарга тараган видеолордо атышуулардын үнүн угууга болот.

Атышуудан күч органынын эки кызматкери жараат алганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, алардын бири амбулатордук жардам алса, жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жаткырылган.

Кыргызстанда буга чейин да террорчулукка шек саналган адамдарды кармоодо адам өмүрү кыйылган учурлар катталган.

2015-жылы 12-октябрда №50 абактан качкан төрт кылмышкер үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалган. Качууга аракет кылган беш кылмышкердин үчөө түрмөдө табышмактуу жагдайда жан берген.

Аларды кармоо учурунда беш тартип сакчысы жана эки жай тургун ажал тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG