Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Amnesty International: былтыр дүйнөдө 883 адам өлүм жазасына тартылган


Amnesty International уюмунун эн белгиси.
Amnesty International уюмунун эн белгиси.

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму 2022-жылы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө баш-аягы 883 адам өлүм жазасына тартылганын билдирди. 16-майда жарыяланган докладда маалымат жашыруун болгону үчүн мунун ичине Кытайда өлүм жазасына кесилген “миңдеген киши” кошулбаганы айтылат.

Amnesty International Сауд Арабияcында былтыр бир күндө эле 81 киши өлүм жазасына тартылганын кошумчалады.

Уюмдун маалыматына ылайык, 2022-жылы Иранда 576, Сауд Арабияcында 196, Египетте 24 жана Америка Кошмо Штаттарында 18 киши өлүм жазасына тартылган. Мындай катаал жаза Түндүк Корея менен Вьетнамда да колдонулат. Бирок бул өлкөлөрдө да Кытай сыяктуу эле маалымат ачык жарыяланбайт.

Дүйнөдө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана буга байланыштуу кылмыштар менен алектенгендер өлүм жазасына көп тартылат. Былтыр Сингапурда эле баңгизатка байланышкан кылмыштары үчүн 11 адам өлүм жазасына кесилген. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG