Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

"Бүтүн Кыргызстан" акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековду сунуштады


Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштай турганын 16-майда жарыялады.

Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын консультанты Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

Бакыт Рысбеков 2020-жылдын август айынан бери Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору кызматын ээлеп турат.

Ушул эле күнү парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына эки талапкерди карап, колдоду.

“Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөн. 46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган 52 жаштагы Күлира Кубатова эмгек жолун 1997-жылы Саламаттык сактоо министрлигинде баштап, 2014-жылга чейин иштеген. 2014-2021-жылдары Социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенген.

Акыйкатчы институтунун эмгек жамааты институттун эки кызматкерин талапкер кылып чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке, фракцияларга кайрылган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Маселе 17-майда парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG