Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

NYT: Санкцияларга карабай Орусияга учак тетиктери ташылып келген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жылы Орусия санкцияларга карабастан Батыштан ондогон миллион долларга учак тетиктерин ташып кирген. Бул тууралуу The New York Times гезити Орусиянын Бажы кызматынын маалыматына таянып жазды.

Ал маалыматка ылайык, тетиктер санкцияга илинген "Аэрофлот", "Россия", "Победа", "Урал", UTair жана S7 Airlines авиакомпанияларынын учактары үчүн алынган. Гезит жазгандай, жүк Бириккен Араб Эмираты, Түркия, Кытай жана Мальдив өлкөлөрү аркылуу ташып келген.

Мындай схемалардын бирин АКШда жашаган орусиялык жаран Олег Пацуля менен анын өнөктөшү уюштурган болушу мүмкүн. Гезит жазгандай, алар өткөн аптада АКШнын экспорттук көзөмөл эрежелерин бузууга жана акча адалдоого айыпталып кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, алар 2022-жылдын май айында экспорттук чектөөлөрдү кыйгап өтүп, АКШдан тетиктерди жеткирүү схемасын иштете башташкан. Бул жеткирүүлөр Флоридада, Түркияда жана Орусияда иштеген компаниялар түйүнү аркылуу ишке ашкан.

Бажынын маалыматына таянып, журналисттер мында майда тетиктерден баштап Honeywell маркасындагы авиациялык кыймылдаткычтын стартерлерине чейинки каражаттар болуп, беш миңден ашуун жолу жеткирилгенин жазышкан.

Буга чейин дүйшөмбүдө "Проект" басылмасы Украинага кол салганы үчүн Орусияга салынган санкциялардан улам орусиялык авиакомпаниялар учак тетиктеринин жетишсиздигинен кыйналып жатканын жазган.

Украинага кол салгандан кийин бир катар өлкөлөрдүн Орусияга киргизген санкцияларына ылайык, Орусияга авиатехникаларды ташып кирүүгө жана орусиялык учактардын санкция салган өлкөлөрдүн аймагына учуп кирүүсүнө, алардын аба мейкиндигин колдонуусуна тыюу салынган.

Аталган өлкөлөр орусиялык учактардын камсыздандыруу боюнча сертификаттарын жокко чыгарып, лизингге берилген учактарды кайтарып берүүсүн талап кылышкан. Бирок авиакомпаниялар бул талапты аткарган эмес. Ушундай улам орусиялык учактардын көбү чет жакка саналуу гана өлкөлөргө уча алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG