Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

16-майдын аба ырайы


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

16-майга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG