Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Базар-Коргондо турак үйлөрдү сел каптады


Сел суулары турак үлордү каптады. Базар-Коргон. 14-май, 2-23
Сел суулары турак үлордү каптады. Базар-Коргон. 14-май, 2-23

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 14-майдын түнү катуу жаан жаап, Карача айылында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, суу арыктан ашып, 15 турак үйдүн короосун каптаган.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Учурда селдин кесепетин жоюу, тазалоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМ 13-майда тоо этектерине мөндүр аралаш жааган жаандан улам Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Жети-Таш айылына өтүүчү автоунаа жолдун 18-чакырымы кум-шагылга толуп калганын кабарлады. Көк-Таш айылында ички чарбалык жолдорун суу каптап, учурда тазаланып жатат.

Буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар жапырт коопсуз жайга көчүрүлөрүн кабарлаган.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келет, алардын басымдуу бөлүгү Сузак жана Базар-Коргон районунун жашоочулары. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG