Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Бишкекте Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору талкууланды


Кыргыз-кытай өкүлдөрү жолукту. 13-май, 2023. Бишкек
Кыргыз-кытай өкүлдөрү жолукту. 13-май, 2023. Бишкек

Бишкекте 13-майда Оштогу “Эркечтам” пункту аркылуу Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору талкууланды. Ага президенттин администрациясынын, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, тийиштүү министрлик, мекемелердин жана Кытайдын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Талкууда тараптар өз ара жүк ташууну көбөйтүүгө эки тараптын кызыкдар экендигин белгилеп, өз ара байланыштарды улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча сунуштарды берүүнү макулдашышты.

Буга чейин кыргыз-кытай чек арасында "Эркечтам” (Ош) жана "Торугарт" (Нарын) бекеттеринде жүк ташыган машиналардын узун кезеги тууралуу маалыматтар чыккан. Кээ күндөрү 300-400, айрым учурда 500-600 машине Кытай тарапка кире бериште тизилип турганы айылган. Расмий органдар мунун себебин коңшу өлкөгө кирип-чыгып жаткан транспорттордун саны кескин өскөнү менен түшүндүргөн.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги ушул жылдын башынан тартып кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү кыйла жеңилдеткен.

Учурда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында Нарын облусундагы “Торугарт”, Ош облусундагы “Эркечтам” өткөрмө бекеттери иштеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG