Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:05

Президент Жапаров Ленин районунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту


Президент Садыр Жапаров менен Бишкектеги Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуусу. 12-май, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров менен Бишкектеги Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуусу. 12-май, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлер менен жолукту.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өткөн. Жапаров эгемендик алгандан бери шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылыктар күч болуп келгенин, ошондуктан ачык-айкын, таза өткөрүү зарылдыгын белгилеген.

"Элдин талаптары эске алынбай, тилекке каршы, 3 жолку төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Эң башкысы элдин бийликке болгон ишенимине доо кетти. Биз өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек. Элдин бул процесске ишеними болушу үчүн шайлоо маданиятын жогорулатууга жетишүү - биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү".

Президент талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштерин көрүп чыгууну сунуштаган.

Ошондой эле талапкерлерди мыйзамдуулукту так сактоого жана шайлоочулардын добушун сатып алуу, бюллетендерди сүрөткө тартып шайлоочулардан отчет алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, шайлоочуларды шайлоо тилкелерине ташып келүү сыяктуу мыйзамсыз иштерге жол бербөөгө чакырды. Мындай мыйзам бузуулар жана башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда болот. Ага катышуу үчүн 32 талапкер катталган.

Аталган округдан мурда шайланган депутат Жаныбек Абиров калайман мушташка катышканы аныкталгандан кийин депутаттык мандатын тапшырган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG