Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Башкы прокуратура: Курсант кыздын өлүмү боюнча негизги шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 24 жаштагы Айза Улан кызынын өлүмү үчүн негизги шектүү кармалганын билдирди.

Айза Улан кызын төрт ай мурун Бишкекте жөө жүргүнчү өтчү тилкеден машине уруп кетип, каза тапкан. Прокуратуранын маалыматына караганда, буга чейин бул ишке шектүү катары кармалган милициянын мурдагы кызматкери автоунаада болгон эмес жана уулун жазадан куткаруу үчүн өзүнүн моюнуна алганы аныкталды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө мурдагы милиционер, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А., уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбесин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, уулун кылмыш жоопкерчилигинен сактап калууга аракеттенгени аныкталган", - деп айтылат расмий маалыматта.

Өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген негизги шектүү У.Э.Н. прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Быйыл 9-январда Ички иштер министрлигинин академиясында окуп жаткан Айза Улан кызы Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон. Аны сүзгөн машиненин айдоочусу окуя болгон жерден качып кетип, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Кийин бул ишке шек саналып милициянын мурдагы кызматкери кармалып, сот аны үй камагына чыгарганы коомчулукта ар кандай сын-пикирлерге жем таштаган эле. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG