Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Түркиянын президенттигине талапкер Орусияны айыптады


Түркиянын президенттигине талапкер Кемаль Кылычдарголу.
Түркиянын президенттигине талапкер Кемаль Кылычдарголу.

Түркияда президенттикке бирдиктүү оппозициядан көрсөтүлүп жаткан талапкер, азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу Орусияны шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө кийлигишип жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.

"Эгер силер 15-майдан кийин да биз менен дос болууну кааласаңар, түрк мамлекетинен колуңарды тарткыла", - деген Кылычдароглу кызматташтыкка жана достукка кызыкдар экенин кошумчалады.

Түркияда президенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Сурамжылоолордун көбүндө Кылычдарголу бир нече пайыз алдыда.

11-майда президенттикке талапкер Мухаррем Инже шайлоо жарышынан четтегенин билдирген. Талдоочулардын пикиринде, анын чечими Кылычдароглунун позициясын бекемдеши мүмкүн.

Учурда Эрдоган менен Кылычдароглудан башка АТА альянсынан Синан Оган аттуу талапкер мамлекет башчылыгына ат салышууда.

Аналитиктердин айтымында, эгер бийликте Эрдоган калса, Орусияга пайдалуураак болот. Анткени ал бийликте турган маалда Түркия Орусияга каршы санкцияларга кошулган жок. Ошол эле маалда Анкара Киевге "Байрактар" сыяктуу учкучсуз аппараттарды жөнөтүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG