Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Британия Киевге Storm Shadow ракеталарын жиберди


Британиядагы музейге коюлган Storm Shadow ракетасы.
Британиядагы музейге коюлган Storm Shadow ракетасы.

Британия Украинага узак аралыктагы Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөттү. Бул тууралуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 11-майда парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал канча ракета жиберилерин тактаган жок.

«Storm Shadow ракеталары Киевге Украинанын суверендүү аймагына кирип алган орусиялык күчтөрдү сүрүп чыгарууга жардам берет», - деди Уоллес.

Аталган ракеталар 250 чакырымга чейин уча алышат. Салыштыруу иретинде айтсак, АКШ Украинага жөнөткөн HIMARS ракеталарынын учуу мүмкүнчүлүгү 80 чакырымды гана түзөт.

Британ маалымат каражаттары жазгандай, Киев бул ракеталарды Орусиянын аймагына сокку урууда колдонбоого убада берген.

Москва Лондондун бул кадамына «тиешелүү жооп кайтарарын» эскертти, ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия бул маалыматты «жаман кабыл алганын» журналисттерге 11-майда айтты.

Бул жаңылык Украинанын Бахмут шаарында орус күчтөрү эки чакырымга артка чегингени кабарланган маалда чыкты. Москва тескерисинче орус армиясы алдыга баратканын билдирүүдө. Бахмутта бир нече айдан бери салгылашуулар уланып келет. Ушул тапта калаанын 75% орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG