Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду


Кыргызстандык окуучу Иван Решетников (ортодо) химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга татыды. Май, 2023-жыл
Кыргызстандык окуучу Иван Решетников (ортодо) химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга татыды. Май, 2023-жыл


Токмок шаарындагы Баласагын атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Иван Решетников химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медал утту. Эл аралык Менделеев атындагы 57-олимпиада Казакстандын борбору Астана шаарында өттү, ага Кыргызстандан алты окуучу катышканын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Менделеев атындагы эл аралык олимпиада жыл сайын өткөрүлөт. Ага КМШ, Балтика жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн окуучулары катышып, химия предмети боюнча билимин сынашат.

Кыргызстандык 12 окуучу быйыл февралда физика, математика жана информатика боюнча Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадада алтын, күмүш, коло медал жана башка сыйлыктарды утуп алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG