Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:12

БУУ Иранды өлүм жазасынан баш тартууга чакырды


Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк.
Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк Ирандын бийлигин өлүм жазасынан баш тартууга чакырды. Анын айтымында, 1-январдан бери Иранда 209 киши өлүм жазасына өкүм кылынган. Алардын көбү маңзатка байланыштуу айыпталгандар жана басымдуу бөлүгүн улуттук азычылыктар түзөт.

Уюм тараткан маалыматка ылайык, канча адам өлүмгө өкүм кылынганы так белгисиз, бул сан алда канча жогору болушу мүмкүн.

"Быйыл орто эсеп менен жумасына ондой киши өлүм жазасына тартылууда. Бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч", - деген Түрк былтыр 580 дей киши катаал жазага кабылганын кошумчалады.

Соңку төрт күндө эле Иран социалдык тармактарды "атеизмди пропагандалап, ыйык жайларды мазактоо" үчүн колдонгон деген айып менен эки кишини дарга асканын моюнуна алды.

Норвегияда жайгашкан "Иран укук коргоо уюмунун" маалыматына караганда, акыркы эки жумада эле Тегеран ар бир алты саатта бирден кишини дарга асып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG