Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Конгодо суу каптоодон кеминде 287 киши каза тапты


Конго селден кийин
Конго селден кийин

Конго демократиялык жумуриятында болгон суу каптоодон кеминде 287 киши ажал тапты. Бул тууралуу африкалык мамлекеттин бийлиги билдирди. Бейшембиде катуу нөшөрдөн дарыялар жээктен чыкканда дагы 205 киши оор жараат алды, 167си дайынсыз болууда.

Президент Феликс Чисекеди 8-майды аза күтүү күнү деп жарыялады. Жабыркагандарга гуманитардык жардамды координациялоо үчүн жерине өкмөт мүчөлөрү аттанууда.

Жаан-чачын мезгили Түштүк Киву регионунда майдын этегине чейин уланмакчы.

Кошуна өлкөлөр да катуу селден жабыркап, Руандада 127 киши, Угандада алтоо каза тапты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG