Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:37

Петербургда кармалган 60ка чукул эмгек мигранты депортацияланат


Эмгек мигранттары Москвадагы базарда. Архивдик сүрөт
Эмгек мигранттары Москвадагы базарда. Архивдик сүрөт

4-майда Санкт-Петербург шаарындагы базарларда рейд маалында кармалган 60ка чукул эмгек мигранты Орусиядан депортацияланышы ыктымал. Орусиянын бийлиги алар кайсы өлкөлөрдүн жарандары экенин маалымдаган эмес. "Озоди" радиосу бир нече кишиге таянып, ондон көп тажик мигранты чет элдиктер убактылуу кармалган жайга алынып келгенин жазды.

"Интерфакс" агенттиги шаардын тартип коргоо органдарына шилтеме берип маалымдагандай, алар миграциялык мыйзамдарды бузган, териштирүү жана протокол түзүү үчүн полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

“Административдик тергөөдөн кийин мыйзамдарды одоно бузган келгиндер чет элдиктер убактылуу кармалган жайга жайгаштырылат, кийин Орусиядан чыгарылат жана бир нече жылга кирүүгө тыюу салынат", - деп кабарлады орусиялык маалымат агенттиги.

"Озоди" билдиргендей, акыркы бир нече жылда Орусиядан 300 миңдей тажик жараны чыгарылган. Аларга 3-5 жылга чейин орус жергесине барууга болбойт.

Укук коргоочулар орус бийлиги мигранттарды болбогон эреже бузуулар үчүн, айрым учурларда күнөөсүз кишилерди да депортациялаганын айтышат.

Март айынын башында 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” 47 миң кыргыз жараны чыгарылган. Министрликтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын күзүндө Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG