Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Судандагы касташкан тараптар түз сүйлөшүү үчүн Сауд Арабиясына келди


Суданда куралдуу кагылыш 15-апрелден бери токтой элек.
Суданда куралдуу кагылыш 15-апрелден бери токтой элек.

Суданда жоолошкон тараптар биринчи жолу бетме-бет түз сүйлөшүү өткөрүү үчүн 6-майда, ишембиде Сауд Арабиясына келди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Ага ылайык, тараптар АКШ жана Сауд Арабиясынын өтүнүчү менен сүйлөшүүгө макул болгон, бирок согуштук аракеттерди токтото турууга көнгөн эмес.

Куралдуу кагылыш башталгандан бери ок атышууну токтотуу тууралуу бир канча жолу макулдашуу болуп, бирок баары толук аткарылган эмес.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бул сүйлөшүүлөр “Судандагы коопсуздукту жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана жаңжалды токтотууга өбөлгө болот” деген үмүтү бар экенин айтты.

Вашингтон менен Эр-Рияддын биргелешкен билдирүүсүндө тараптар "судан элинин кызыкчылыгын эске алуу менен ок атышууну, жаңжалды токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө активдүү катышуу чакырыгы" жазылган.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду.

Мохаммед Хамдан Дагало Твиттердеги баракчасына согушту токтотууга жасалган аракеттерди жана судан элине көрсөтүлгөн жардамды жогору бааларын жазды. Ал ошондой эле анын тарапташтары “жарандык адамдар жетектеген өкмөткө өтүүнү” жактарын билдирди.

Куралдуу жаңжал башталгандан тартып жүздөгөн адам мерт болду, дагы бир канчасы жараат алды. Өлкөдө 450 миңдей адам жер которууга аргасыз болду, дагы 115 миңден көп киши коңшу өлкөлөргө качып чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG