Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы баннерлер жөнүндө түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтындагы Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларына арналган баннерлер тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда социалдык тармактарда чагымчыл мүнөздөгү маалымат тарап жатканы, ал улуттар аралык жаңжалга алып келиши ыктымалдыгы эскертилген. Сүрөтү илинген 73 баатыр Кыргызстанда жашаганы белгиленген.

Мунун алдында социалдык тармактын айрым колдонуучулары сүрөттөрү илингендердин арасында кыргыз улутундагылар жоктугун айтып сындап чыгышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен 64 адам калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.

Кыргыз өкмөтү Жеңиш күнүндө кезектеги “Өлбөс полк” жүрүшү уюштуруларын, ал эми митинг-реквиемге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышарын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG