Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Ирактын "Русафа" түрмөсүндө отурган жүздөгөн аял ачкачылыкты улантууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Иракта террорчулукка шек саналып, Багдаддын "Русафа" түрмөсүндө отурган чет элдик жүздөгөн аял ачкачылык акциясын улантууда. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларынын жубайлары экенин BBC 5-майда кабарлады.

Ачкачылык акциясы тууралуу 25-апрелде "Азаттык" радиосуна "Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандык келиндер маалымат беришкен.

Ачкачылык жарыялагандардын арасында кыргызстандыктардан тышкары, Орусия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн да жарандары бар.

Алар өздөрүнө коюлган айыпты алып салууну жана мекенине кайтарууну талап кылып жатышат. Түрмөдөгү аялдар ачкачылык жарыялаганын дагестандыктардын Стамбулдагы диаспорасы Кавказ.реалии басылмасына бышыктаган.

Reuters агенттиги 2021-жылдын 19-мартында Багдаддын Ар-Русафа районундагы абакта 494 чет элдик аял отурганын жазган. Алар 18 мамлекеттин жарандары экени, арасында борборазиялыктар да бардыгы белгиленген. BBC алардын балдарын кошуп эсептегенде 600 чамалуу экенин кабарлады.

"Русафадагы" кыргызстандык 40 аял апрелдин башында "Азаттыкка" кайрылып, мекенине кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүшкөн.

Алар 2013-2015-жылдары Сирияга, Иракка күйөөлөрүн, балдарын ээрчип барганын, "террордук топтун мүчөсү" деп Багдадда соттолушканын билдирген.

Ирак бийлиги 2016-2018-жылдары “Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочуларын өлкөдөн кууп чыккандан кийин, жихадчыларды жана алардын катарындагы аялдарды камап, катаал жазага тарткан. Узак мөөнөткө камалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Алар кыргыз мыйзамдарына ылайык да “оор кылмыш кылды” деп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG