Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Тажикстанда 10 жылга соттолгон журналисттин арызы каралбай жатат


Далер Имомали.
Далер Имомали.

Дүйшөмбү шаардык соту 10 жылга соттолгон журналист Далер Имомалинин апелляциялык арызын төрт айдан бери карай элек. Бул тууралуу журналисттин жакындары "Азия-Плюс" басылмасына билдиришти.

Алардын айтымында, журналист Шохмансур райондук сотунун Имомалини 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнө каршы шаардык сотко даттанган.

Далер Имомали – Тажикстанда 2022-жылы кармалган сегиз журналист жана блогердин бири.

Ал өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга, "мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн" жана "кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат берген" деп айыпталган.

Буга чейин Далер Имомали президент Эмомали Рахмондун атына кат жолдоп, анын ишин кароодо олуттуу жана одоно мыйзам бузуулар болгонун, ал тагылган айыптарды жана соттун өкүмүн тааныбай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG