Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Зеленский: Гаага сотунда башка Владимирди көргүм келет


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Гаагадагы Эл аралык кылмышты караган сотко барды. Сот жакында орус президенти Владимир Путинди Украинадагы кылмыштары үчүн камоого ордер берген.

Зеленский Гаагада “Акыйкаттык болбосо дүйнө жок” деген сөзүн “Биз баарыбыз бул жерде, Гаагада башка Владимирди көргүбүз келген” деген тамаша менен баштады. Анын айтымында, орусиялык президент “кылмыштуу аракеттери” үчүн жоопко тартылууга тийиш. “Биз муну жеңгенден кийин сөзсүз көрөбүз” деген ал.

Зеленскийдин сөзүн Нидерланддын NOS телекомпаниясы көрсөттү.

Зеленский 2014-жылы жай айында Донбасстын үстүнөн атып түшүрүлгөн малайзиялык “Боинг” учагында каза тапкандар тууралуу да айтты. Курман болгондордун көбү Нидерланддын жарандары эле. Нидерланд соту “Боинг” орусиялык “Бук” жабдыгы менен атылганы далилденгенин айткан.

Мартта Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоого ордер чыгарган. Алар украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө. Орус бийлиги айыптоону чекте каккан жана Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Эл аралык кылмыш (Гаага) сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG