Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Пакистандын башкы дипломаты он эки жылда биринчи жолу Индияга барды


Билавал Бхутто Зардари
Билавал Бхутто Зардари

Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари соңку 12 жылда биринчи жолу Индияга барды. Ал 4-5-май күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын саммитине катышат.

"Машаал" радиосу билдиргендей, жолугушуулар Гоа курорттук аймагында болот.

Пакистандын тышкы иштер министри акыркы жолу Индияга 2011-жылы барган.

Гималайдагы Кашмир аймагындагы талаштан улам эки өлкөнүн мамилеси көп жылдан бери чыңалып турат.

Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан 2001-жылы негиздешкен. 2017-жылы ююмга Индия менен Пакистан кошулган. 2022-жылы Иран мүчө болгон.

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.

Бул уюм коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатын көздөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG