Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Укук коргоочу Ирина Матвиенко коркутуудан улам Өзбекстандан чыгып кеткенин билдирди


Ирина Матвиенко
Ирина Матвиенко

Зомбулукка каршы NeMolchi.uz долбоорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, укук коргоочу Ирина Матвиенко Өзбекстандан чыгып кетти. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазып, "өлтүрүп кетебиз" деген коркутууга кабылганын билдирди.

Матвиенко 28-апрелде коркутуу тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаганын, тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Өзбекстандан кеткенине карабай, NeMolchi.uz долбоору бул өлкөдөгү укуктары бузулган аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууну уланта берет.

NeMolchi.uz - 2017-жылы түзүлгөн көз карандысыз маалымат долбоору. Максаты - аялдарга жасалган зомбулук көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

NeMolchi.uz Үргөнч шаарындагы балдар үйүндө секелектер он ай бою мамлекеттик кызматкерлер менен жыныстык катнашка барууга мажбурланганын биринчи болуп жазып чыккан. Ирина Матвиенко коркутуунун буга тиешеси бар-жогун азырынча так билбей турганын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG