Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Орусиянын эки аймагында мунай заводунда өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-майга караган түнү Орусиянын эки аймагында мунай заводдо өрт чыкты.

Краснодар крайындагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын бириндеги өрткө эмне себеп болгону расмий айтылган жок, аны өчүрүүгө узак убакыт кеткени кабарланды.

Ал эми Ростовдогу заводго учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаганын, жарылуудан кийинки өрт тез эле өчүрүлгөнүн облус жетекчилиги билдирди.

Соңку күндөрү Орусиянын өзүндө жана ал аннексиялап алган Крымда мунай кайра иштетилүүчү, сакталуучу ишканаларга дрон менен чабуул жасалган окуялар көп каттала баштады.

3-майда дрондун чабуулуна Кремль да кабылганы маалымдалды. Орусия бул үчүн Украинаны айыптоодо. Ал эми украин бийлиги андай максаты да, мүмкүнчүлүгү да жок экенин билдирүүдө.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери согуш токтой элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG