Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Камактагы активист Илгиз Шаменовго кошумча айып тагылды


Илгиз Шаменов сотто. Бишкек. Декабрь, 2022-жыл.
Илгиз Шаменов сотто. Бишкек. Декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Илгиз Шаменовго 3-майда кошумча айып угузулду. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, кошумча айыпта Шаменов бийликти күч менен басып алуу аракетин уюштурууга даярдык көргөн деп жазылган.

"Азыр Илгиз Шаменовго Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан төмөндөгүдөй кошумча айып угузулду. “Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн”. Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган", - деп жазды Жоошев.


Адвокат ошондой эле эл арасында “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган жазык иши жакынкы арада сотко өткөрүлүп калышы ыктымалдыгын да кошумчалады.

Замир Жоошевдин "Азаттыкка" тактаганы боюнча, Илгиз Шаменовго Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") менен кошумча айыбы угузулду.

"Кошумча айып угузууга соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы негиз бергени айтылды", - деди Жоошев.

ИИМ буга байланыштуу маалымат бере элек.

Илгиз Шаменов Кемпир-Абад ишине байланыштуу былтыр 28-октябрда Москвадан кармалып, Бишкекке алып келинген. Биринчи май райондук сотунун 2022-жылы, 29-октябрдагы чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Ага кармалгандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандыктарды уюштуруу") жана 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо") менен айып угузулган.

Ал 10-апрелде ооруканага жаткырылган. 17-апрелде Биринчи Май райондук соту анын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарткан. 2-майда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Илгиз Шаменов "Социал-демократтар" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн.

23-октябрда Ички иштер министрлиги "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык" деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. 20дан ашык оппозициялык саясатчы жана активисттердин 16сы учурда тергөө абагында, айрымдары тергөөнүн өтүнүчү менен, айрымдары саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан. Ички иштер министрлиги алардын айыбына далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды "саясий куугунтук" деп айтып келишет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG