Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 сап артка кетти


Сөз эркиндигин колдогон активисттердин жүрүшүнөн тартылган сүрөт. 14-октябрь, 2022-жыл. Бишкек.
Сөз эркиндигин колдогон активисттердин жүрүшүнөн тартылган сүрөт. 14-октябрь, 2022-жыл. Бишкек.

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашты.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму рейтингди 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жарыялады.

3-майда жарык көргөн докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Натыйжада адистер 31 өлкөдө “олуттуу кырдаал”, 42 өлкөдө “кыйын абал”, 55 жерде “көйгөйлүү”, 52синде “жакшы” же “канааттандырарлык абал” түзүлгөн деген бүтүмгө келди.

2022-жылдагы индексте Кыргызстан алдыңкы 100 өлкөнүн катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет болгон. Индексте Түркмөнстан 176, Тажикстан 153, Өзбекстан 137, Казакстан 134-орунда.

Авторлор Борбор Азиянын көсрөткүчтөрү начарлаганын белгилешет. Тажикстан “көйгөйлүү” деген топтон “абдан начар” дегендердин арасына кошулган.

Кыргызстан кошуналарга салыштырмалуу өйдөрөөк, 122-сапка жайгашканы менен былтыркыга караганда 50 орунга ылдыйлап кеткен. Башка коңшуларда өзгөрүүлөр анча сезилерлик эмес. Мисалы, Өзбекстан төрт сапка гана түшкөн.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму баяндамасында журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгилейт.

Басма сөз эркиндиги индексинде мурунку жылдардагыдай эң алдыңкы орун Норвегияга берилди. Түндүк Кореядагы абал эң начар деп табылды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG