Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Киев Shahed дрондорунун чабуулуна кабылды


Shahed дрондору. Архивдик сүрөт.
Shahed дрондору. Архивдик сүрөт.

3-майга караган түнү Украинанын борбору Киев учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды. Шаарда жана ага жакын жайгашкан облустарда абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилди.

Киевдин аскердик администрациясы билдиргендей, соңку апта ичинде шаар ушуну менен үчүнчү жолу аба чабуулуна кабылууда, бул жолу Орусия Иранда өндүрүлгөн кезектеги Shahed дрондорун колдонду. Дрондордун баарын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн билдирген мекеме алардын саны канча болгону азыр такталып жатканын маалымдады.

Ал арада Кошмо Штаттар Украинага кезектеги аскердик жардамын көрсөтүү үчүн 300 миллион доллар бөлгөнү маалым болду. Америкалык аскерлердин маалыматына караганда, курал-жарак украин аскерлери пландап жаткан контрчабуулда керектелет.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында басып кирген, муну ал атайын аскердик операция деп атоодо. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү Кремлди агрессор деп айыптоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG