Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Орусияда 1-майдагы акцияларда бир канча киши кармалды


Читада тартылган сүрөт.
Читада тартылган сүрөт.

Орусиянын ар кайсы аймактарында 1-май - Эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык күнүнө арналган акцияларда согушту сындаган айрым жарандар кармалды.

Читанын бийлиги митингди шаардын четинде өткөрүүгө уруксат берди. Акцияга келген отуздан ашуун киши орус бийлигинин Украинага каршы согушун сындап, тынчтыкка чакыргандар репрессияга кабылып жатканын айтышты.

Новосибирискиде шаар мэри катышкан майрамдык жүрүш болду, ал эми калаанын четинде согушка каршы акция уюштурулду. Doxa каналы мэр катышкан жүрүшкө 200дөй, согушка каршы акцияга 50 чамалуу киши катышканын жазды.

Санкт-Петербургда "Мир! Труд! Май!" жана Украинадагы согуштун символу саналган Z тамгасынын үстү чийилген плакат көтөрүп чыккан активист Сергей Тужиловду полиция кармап кетти.

Екатеринбургда тынчтыкка чакырган пикет уюштурган эже-сиңдини да полиция алып кеткенин "Свобода" радиосу кабарлады.

Казанда согушту токтотуп, саясий туткундарды камактан чыгаруу талабы менен пикет өткөргөн Наил Мухаметшинди полиция алып кетти.

Кармалгандар протокол түзүлүп, "түшүндүрүү иштери" жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

Орусиянын Либералдык Демократиялык партиясы (ЛДПР) Minecraft компьютер оюну аркылуу онлайн митинг уюштурду. Партиянын маалыматына ылайык, виртуалдык акцияга кеминде 12 миң адам чогулду. Бирок алардын митингинин мазмуну тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG