Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Алматыда Кытай менен визасыз режимге каршы чыккандар кармалды


Алматыда Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режимге каршы митингге чыккан бир канча кишини полиция кармады.

"Азаттык" радиосунун казак кызматы 1-майда кабарлагандай, Горький атындагы сейил бакта 20дай адам чогулду. Прокурор аларга митинг мыйзамсыз экенин эскертип, тарап кетүүнү талап кылган. Кийинчерээк тартип сакчылары аларды күч менен кармаган. Полиция эч кандай түшүндүрмө берген эмес.

Жарандарды митингге чыгууга Казакстанда тыюу салынган “Демократиялык тандоо” кыймылынын жетекчиси, чет элде жашаган Мухтар Аблязов үндөгөн. Ал Кытай жарандарынын Казакстанга визасыз киришине каршы болуп, Астананы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгууга чакырган.

Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн "Казакстан жана Кытайдын ортосундагы виза талаптарынан бошотуу жөнүндөгү келишимге кол коюу" тууралуу мыйзам долбоорун апрелде коомдук талкууга чыгарган. Келишимге 18-19-майда президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлары пландалууда.

Казакстанда ар кандай нааразылык акцияларына чыгуу үчүн акимчиликтен уруксат алышы керек. Уруксат берилбеген акциялар мыйзамсыз деп табылып, катышуучуларды полиция кармайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG